Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 14
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынын аз камсыз болгон жана жакыр колдоого алынган үй-бүлөөлөрүнө материалдык жардам, акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин төрагасы Худайбердиев Розали Ниязовичтин, Достук айыл аймагынын аз камсыз болгон жана жакыр колдоого алынган үй-бүлөөлөрү материалдык жардам сурап, жазган арыздарын кезектеги сессиянын өтүүсүн күттүрбөй бир жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 600 миң сом акча каражатын, жардам сурап келген тургундарга квартал сайын 150 миң сом акча каражатын, берүү жөнүндөгү оозеки билдирүусүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айылдык кеңешинин төрагасы Худайбердиев Розали Ниязовичтин, Достук айыл аймагынын аз камсыз болгон жана жакыр колдоого алынган үй-бүлөөлөрү материалдык жардам сурап, жазган арыздарын кезектеги сессиянын өтүүсүн күттүрбөй бир жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 600 миң сом акча каражатын, жардам сурап келген тургундарга квартал сайын 150 миң сом акча каражатын, берүү жөнүндөгү оозеки билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Достук айыл аймагынын аз камсыз болгон жана жакыр колдоого алынган үй-бүлөөлөрү материалдык жардам сурап жазган арыздарын кезектеги сессиянын өтүүсүн күттүрбөй бир жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 600 миң сом акча каражатын, жардам сурап келген тургундарга квартал сайын 150 миң сом акча каражаты арыз ээлерин социалдык кызматкерлер менен айыл башчылары тактап мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш беришсин жана айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|