Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
ТОКТОМ
26.02.2025 № 1
Пахта-Дөбө айылы
Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы №23/25/01-4/51 сандуу катын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Умаров Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы №23/25/01-4/51 сандуу катынын негизинде 2025-2027-жылдардын салык мезгилинде турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ченемин бекитип берүү боюнча маалыматын угуп, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү Мыйзамын жетекчиликке алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл аймагынын тургундарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1-топтогу мүлк салыгы ар бир чарчы метрине 15 (он беш) сомдон болуп белгиленсин.
2.Айыл өкмөтүнүн мүлк ээлерине салык ченеми 15 сомдон болуп белгиленгени боюнча айыл тургундарына жеткирүү жана жыл ичинде жыйналуучу салыктарды өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
3.Токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|