Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 1
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургундарынын 2025-жылдын 23-март айында жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургундарынын 2025-жылдын 23-март айындагы, Кара-Жантак көчөсүндө жайгашкан 4 сотих скважинанын орду, скважина боюнча калсын себеби эки жагында дренаж бар деп жазган арызы менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургундарынын 2025-жылдын 23-март айындагы, Кара-Жантак көчөсүндө жайгашкан 4 сотих скважинанын орду, скважина боюнча калсын себеби эки жагында дренаж бар деп жазган арызы канааттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургундарынын 2025-жылдын 23-март айындагы, Кара-Жантак көчөсүндө жайгашкан 4 сотих скважинанын орду эч кимге ижарага берилбесин жана айланасындагы тосмолор алынып салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|