Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 2
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Абад айылынын тургуну Абдималиков Русланбек Абдихалиловичтин 2025-жылдын 27-январь айында жазган арызын карап чыгуу жөнундө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Абад айылынын тургуну Абдималиков Русланбек Абдихалиловичтин 2025-жылдын 27-январь айындагы, Пахта-Абад айылындагы аты жок көчөгө, чоң атасы Каймаматов Малик атына коюп берүү жөнүндө жазган арызы менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Абад айылынын тургуну Абдималиков Русланбек Абдихалиловичтин 2025-жылдын 27-январь айындагы, Пахта-Абад айылындагы аты жок көчөгө, чоң атасы Каймаматов Малик атына коюп берүү жөнүндө жазган арызы канааттандырылсын.
2.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Абад айылындагы аты жок көчөгө Каймаматов Малик атын коюга сунуш берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |