Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 5
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 23-март айында жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 23-март айындагы, Чарбак участкасында жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансындагы 9 сотих бош жаткан жер тилкесине балдар ойноочу аянтча куруп берүү жөнүндө жазган арызы менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 23-март айындагы, Чарбак участкасында жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансындагы 9 сотих бош жаткан жер тилкесине балдар ойноочу аянтча куруп берүү жөнүндө жазган арызы канааттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 23-март айындагы, Чарбак участкасында жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансындагы 9 сотих бош жаткан жер тилкесине балдар ойноочу аянтча курууга сунуш берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |