Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 6
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун 2025-жылдын 25-март айындагы айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов 400 метр, Х.Иминжанов 370 метр, Жаштар-1 700 метр аралыктагы көчөлөрүн Республикалык жолдордун балансына өткөрүү үчүн жазган сураныч катын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун 2025-жылдын 25-март айындагы айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов 400 метр, Х.Иминжанов 370 метр, Жаштар 1 700 метр аралыктагы көчөлөрүн негизги көчөлөрдүн бири болуп калгандыктан оор жана көлөмдүү техникалар жүрүп, айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги басылган асфальттар туруштук бере албай жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү үчүн жазган сураныч каты менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн балансындагы А.Хошимов 400 метр, Х.Иминжанов 370 метр, Жаштар 1 700 метр аралыктагы көчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. А.Хошимов 400 метр, Х.Иминжанов 370 метр, Жаштар 1 700 метр аралыктагы көчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тѳрага | Р.Худайбердиев |