Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 7
Пахта-Дөбө айылы
“Фусин” темирди кайрадан иштетип чыгаруучу жеке фирманын өкүлү Ю.Махмудовдун 2025-жылдын 18-март айындагы, темирди кайрадан иштетип чыгаруучу ишкана жана таштандыларды кайрадан иштетүүчү завод салууга жер тилкесин ажыратып берүү боюнча жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
“Фусин” темирди кайрадан иштетип чыгаруучу жеке фирманын өкүлү Ю.Махмудовдун 2025-жылдын 18-март айындагы, темирди кайрадан иштетип чыгаруучу ишкана курууга Ачы айылына караштуу Шор-Булак участкасындагы №558, №559, №560, №573, №554 контурда жайгашкан 5 га жер тилкесин, темирди кайрадан иштетип чыгаруучу ишкана куруу үчүн ажыратып берүү боюнча жазган арызы менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1.“Фусин” темирди кайрадан иштетип чыгаруучу жеке фирманын өкүлү Ю.Махмудовдун 2025-жылдын 18-март айындагы, темирди кайрадан иштетип чыгаруучу ишкана курууга Ачы айылына караштуу Шор-Булак участкасындагы №558, №559, №560, №573, №554 контурда жайгашкан 5 га жер тилкесин, темирди кайрадан иштетип чыгаруучу ишкана куруу үчүн максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
2.“Фусин” темирди кайрадан иштетип чыгаруучу жеке фирманын өкүлү Ю.Махмудов, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Ош-Араван жолундагы жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №665 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |