Редакцияот 01072025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму

 

2025-жылдын 01-июлу № 9/6

 

«Гүлчө коммуналдык чарба»  муниципалдык  ишканасынын кызмат  көрсөтүүлөрүнүн тарифин  бекитүү боюнча  2025-жылдын  13-февралында чыккан  №5/2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү  жөнүндө

        Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык  ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү боюнча    2025-жылдын 13-февралындагы 5-отурумунун  № 5/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө» Мыйзамынын 27- беренесинин 2-11-пунктунун  негизинде           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Гүлчө коммуналдык  чарба» муниципалдык  ишканасынын  автомашиналарынын  турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын  чогултуп, ташып  чыгаруу жана жок кылуу үчүн көрсөткөн  кызмат-акысы  келишимдин  негизинде   төмөндөгүдөй  тарифте  бекитилип берилсин:

1. Портер  автомашинасынын  кызмат көрсөтүү  акысы ар  бир  рейси - 1200 сом

2. МАЗ автомашинасы(суу ташуучу 8 тонналык) ар бир  рейсине - 3 200 сом

3. Мерс-418 автоунаасынын  ар бир рейсине – 2 100 сом

4. Автовышка  автоунаасына саатына  - 1 630 сом

 Погрузчик автотехникасынын көрсөткөн кызмат-акысы бир  саатына :

5.Гүлчө айыл аймагы  үчүн  - 2615 сом

6.  Башка  айыл өкмөттөргө  жана   мамлекеттик ишканалар  үчүн, саатына - 3 000 с.

7.  Жеке менчик  фирмаларга – 3 500 сом

8. МТЗ-эксковаторуна саатына -1 366  сом

9.  ХОВО (40 ножки)   автоунаалары  үчүн  ар  бир  рейсине - 4 000 сом

10. – ГАЗ-53 АЦ автоунаасынын  ар бир  рейси  - 3 500 сом болуп  белгиленсин.

2. мекеме-ишканалардын, жеке менчик,  коммерциялык уюмдардан  (юридикалык жактар үчүн)  таштанды ташып чыгаруу үчүн бир  айга  болгон төлөм  тарифи:

-  50 м2 ка чейинки  аянттагы дүкөндөр , киоскалар, чачтарачканалар ж.б.у.с ишканалары үчүн  бир айда -   300 сом

-  50 м2 ка чейинки тамак-аш  менен алектенүүчү  жайлар – 500сом

 -50м2 тан 100 м2 га    чейинки  дүкөндөр, киоск, чачтарачканалар, аптекалар, вулканизациялар ж.бу.с жайлар үчүн бир  айда  - 700 сом

-  50 м 2 тан 100  м2 чейинки    тамак-аш даярдоочу  жайлар, ж.б.у.с   жеке  менчик ишканалар  бир  айга  - 1000 сом

-100м 2 тан жогорку азык-түлүк, кийим-кече, чарба товарлары, курулуш материалдары жана үй-тиричилик техникалары сатылуучу дүкөндөрү үчүн бир айга – 1000 сом

- Гүлчө айыл аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык  мекеме-ишканалардагы таштандыларды  чыгаруу үчүн, ар бир кызматкерге,   айына  тариф 40 сомдон болуп бекитилсин.

- мончолорго, машина жана килем жуучу жайларга, машина оңдоочу устаканаларга - келишимдин негизинде

3. Аянты  чоң ишканалар  (юридикалык жактар  үчүн) таштанды көп  чыгаруучу  ишканалар үчүн :

-  Базар, «Элиме», «Чолпон» кафеси, «Абдибаит» кафеси, «Бообек» кафе, «Абдибаит» кафе-ресторан, «Ай-Көкүл» рестораны, «Ак Бата Гранд» рестораны   жана башка ишканалар, жеке  менчик ишканалардагы таштандыларды алып  чыгуу   күндөрүн эсептөө менен келишим түзүү  жана тарифти – 4000 сомго  чейинки  өлчөмдө бекитүү

4. Таштанды таштоочу жайга (полигонго) таштанды төгүү үчүн автоунаалардын таштанды таштоолору  боюнча тарифтер:

-  ХОВО, Шахман    автоунаалары  үчүн  ар  бир  рейси - 800 сом

-Камаз автоунаалары үчүн  ар бир рейси – 600 сом

-ЗиЛ,Мерседестер үчүн  ар бир рейси -500 сом

-Портер автоунаалары үчүн – 300 сом

- Лабо, Муравей  унаалары үчүн - 200 сом

-жеке менчик жеңил автоунаалары үчүн – 100 сом

- Автоцистерна  үчүн:

-  Камаз автоунаасынын  ар  бир рейсине  - 800 сом

 - ЗиЛ, Газ-53 автоунаалары үчүн ар бир рейси -500 сом

5. Абоненттерден турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн  адам башына – 40 сомдон  болуп бекитилсин.

-  Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын I жана I I - топтогу майыптыгы бар Гүлчө айыл аймагынын тургундарына, 70 жаштан жогорку ардагерлерге, Ооган согушунун ардагерлерине жана Чернобылчыларга  50 % жеңилдик каралсын.

- Бир кожолукта жети жан болсо, алты жанга төлөм төлөнөт жана жетинчи  жандан тартып  жогоркусу төлөмдөн бошотулат

- Ичүүчү Таза-Суу үчүн тарифтер:

- Абоненттер  үчүн ичүүчү Таза-Сууга  адам башына - 25 сом

Суу эсептегичи бар абоненттерге , айына 1 куб үчүн – 50 сом

- Короосундагы  кудуктан суу пайдалануучулар үчүн адам башына  - 25 сом

Мекеме-ишканалар үчүн:

1.    Банктар айына - 600 сом

2.    Кафелер айына -500 сомдон  1000 сомго  чейин

3.    Ресторандар айына – 1500 сом

4.    Мончолорго (аянтын эсепке алуу менен келишимдин негизинде) айына -  1000,0 миң сомдон 2000,0 сомго  чейин

5.    Май куюучу жайлардан(заправка) айына – 2000 сом

6.    Машина жана килем жуучу жайлар  - 2000 миң сомдон  3000 миң  сомго чейин, келишимдин негизинде

7.    Райондук борбордук ооруканасы айына – келишимдин негизинде

8.    Тиш дарылоочу ишканаларга – 500 сомдон 1000 сомго чейин

9.    Мектеп-интернат  айына  келишимдин негизинде

10. Мектеп-балдар бакчалары, ж.б ишканалар келишимдин негизинде

11. Жер астынан казылып алынган (кудуктан) сууну пайдалануучуларга дагы ушул  тарифтер тиешелүү болуп бекитилсин.

12. Бассейндер – келишимдин негизинде

 6.  Гүлчө айылынын жашоочулары үчүн  суу түтүктөрүн туташтыруу акысы – 3000 миң сом акча каражаты болуп белгиленсин, суу түтүктөрүн тартып берүү үчүн керектелүүчү каражаттар жеке жарандын өзү  тарабынан алынсын. 

  7. Кабыл алынган токтомдун  мыйзам чегинде  аткарылышын камсыз  кылуу жагы  Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык  ишканасынын директору  Тынчыбек уулу Марлиске милдеттендирилсин.

   8. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө   жагы бюджет жана экономика боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага:

 

А.Б. Самиев