Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 770
Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо
методикасына талаптарды, ошондой эле жогорку кооптуулуктагы
жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 193, 194-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо методикасына талаптар 1-тиркемеге ылайык;
2) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата тобокелдиктерди башкарууга талаптар 2-тиркемеге ылайык;
3) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ачыктыгын, түшүнүктүүлүгүн, контролдонушун, тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу мындай тутумдардын мүнөздөмөлөрүнө талаптар 3-тиркемеге ылайык;
4) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындарынын сапатына талаптар 4-тиркемеге ылайык;
5) Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтерине талаптар 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасында колдонулуучу жасалма интеллект тутумдарынын ээлери уюштуруучулук-укуктук тариздерине, ведомстволук (тармактык) таандыктыгына жана менчиктин түрүнө карабастан:
1) бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) бул токтом менен бекитилген ушул талаптарга ылайык, өз алдынча иштелип чыккан жана бекитилген методика боюнча жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо жүргүзүүнү алардын иштөө түрмөгүнүн тиешелүү стадияларында камсыз кылсын;
3) жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоонун натыйжалары боюнча жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына киргизилген учурда:
– алардын ушул токтом менен бекитилген милдеттүү талаптарга ылайык келишин камсыз кылсын;
– тобокелдиктерди башкаруу системасын киргизсин жана бардык иштөө түрмөгүнүн ичинде колдосун;
– мындай тутумдар үчүн техникалык документтерди иштеп чыксын жана өздөрүнүн веб-сайттарына жайгаштырсын жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана ушул токтомдо белгиленген тартипте талап кылынган башка документтердин жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси күчүнө кирген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |