Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 15
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча адиси А.Омурбаеванын 2025-жылдын 24-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296-Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жобосун бекитип беүү үчүн жазган №01-18/478 сандуу билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча адиси А.Омурбаеванын 2025-жылдын 24-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296-Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жобосун бекитип беүү үчүн жазган №01-18/478 сандуу билдирүүсүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча адиси А.Омурбаеванын 2025-жылдын 24-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296-Жарлыгын ишке ашыруу максатында чыгарылган Жобосу бекитилсин.
2. Эл арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296-Жарлыгын, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы, мечиттердин имамдары жана айыл башчылар тарабынан кеңири жайылтылып, түшүндүрүү иштерин тынымсыз алып барышсын.
3. Достук айыл өкмөтүнун башчысы, мечиттердин имамдары жана айыл башчылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296-Жарлыгынын талаптары жана эрежелери иш жүзүндө ишке ашышы боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айылдык кеңешинин социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссия.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |