Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
25.03.2025 № 16
Пахта-Дөбө айылы
Канал, арыктардын жээгиндеги дарактарды кыюу тууралуу
Достук айыл аймагына караштуу айылдардагы канал, арыктардын жээгине элдер тарабынан эгилген дарактарды тез арада кыюу тууралуу маселени карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл аймагына караштуу айылдарда канал, арыктардын жээгине элдер тарабынан эгилген дарактарды тез арада кыюу тууралуу айыл тургундарына маалымат жеткирилсин.
2. Достук айыл аймагына караштуу айылдардагы канал, арыктардын жээгине элдер тарабынан эгилген дарактар ээлери тарабынан кыйылбаса, айыл өкмөтүнө канал, арыктардын жээгине элдер тарабынан эгилген дарактарды кыюуга уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |