Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-февралы, №5/2
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен таштанды чыгаруучу атайын техникасын сатып алуу жөнүндө
Кара-Кочкор айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникалардын жетишсиздигине байланыштуу таштанды чыгаруучу атайын техникасын “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу сатып алуу зарыл болгондугу жөнүндө Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу баасы 36 000 (отуз алты ) миң АКШ доллары , болжодуу курсу 90 (токсон) сом, 3 240 000 (үч миллион эки жүз кырк) миң сом жылдык 11 (он бир) пайыз, 3 (үч) жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техниканы алууга макулдук берилсин:
- Таштанды чыгаруучу автоунаа HOWO ZZ5112ZYSO7W.
2. Лизингдин жалпы баасынан 25 (жыйырма беш) пайыз өлчөмүндө Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 9 000 (тогуз ) миң АКШ доллары, болжолдуу курсу 90 (токсон) сом, 810 000 ( сегиз жүз он ) миң сом кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары лизингге алынган атайын техниканын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, атайын техниканын бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган атайын техниканын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4.“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго ыйгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |