Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, КыргызРепубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентти жетекчиликке алуу менен Чоң-Алай айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
Эсептөө комиссиясынын Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.
Мойдунов Сталбек Мурзажанович Чоң-Алай айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
Ж.Касымова |