Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы, №6/5
Кара-Кочкор айыл аймагындагы аткарылган иштерди жеринде текшерүү боюнча үч тараптуу комиссия түзүү жөнүндө.
Кара-Кочкор айыл аймагындагы аткарылган иштерди жеринде текшерүү боюнча депутаттардан, айыл өкмөт кызматкерлеринен жана коомдук активисттерден турган үч тараптуу комиссия түзүү жөнүндөгү Э.Абдурасуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагындагы аткарылган иштерди жеринде текшерүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Абдурасулов Элдияр Бакытбекович - Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. Бөлөкбаев Нурсеит Бөлөкбаевич - Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Жакеев Эркинбек Макешович - Айылдык кеңештин депутаты.
4. Нажимидинов Мееримбек Байышович - Айылдык кеңештин депутаты.
5. Эрмекбаев Пазилидин Алимович - Айыл өкмөтүн маалымат технологиялар боюнча адиси.
6. Дүйшеев Кеңешбек Аматысакович - Коомдук активист.
7. Чолуев Улан Жусупович - Коомдук активист.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |