Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы, №6/6
Сары-Булак айылындагы скважинаны коргоого дамба куруу үчүн ПСД жасоого өздүк салым үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Респбуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордон пайдаланышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастуруктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылындагы скважинаны коргоого дамба куруу үчүн ПСД жасоого өздүк салым үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |