Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому менен бекитилди) |
Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
ачыктыгын, түшүнүктүүлүгүн, контролдонушун, тактыгын,
ишенимдүүлүгүн жана санариптик туруктуулугун камсыз
кылуучу мындай тутумдардын мүнөздөмөлөрүнө
талаптар
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрүнө талаптардын тизмеги
§ 1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ачыктыгын камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
§ 2. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын түшүндүрүлүшүн камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
§ 3. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын контролдонушун камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
§ 4. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын тактыгын камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
§ 5. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
§ 6. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
3-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ачыктыгын, түшүнүктүүлүгүн, контролдонушун, тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу мындай тутумдардын мүнөздөмөлөрүнө талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Талаптарда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде көрсөтүлгөн маанилерде колдонулат.
3. Ушул Талаптар жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мындай тутумдарды долбоорлоо, иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тармактык принциптерге ылайык келишинин минималдуу зарыл деңгээлин белгилейт.
4. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын иштөө циклинин бардык этаптарында ушул Талаптарга ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
5. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун, жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин кесиптик бирикмесинин эрежелерин жана стандарттарын (бар болгондо), жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын белгиленген Талаптарга ылайык келишин камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү чараларды өз алдынча аныктайт.
2-глава. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект
тутумдарынын мүнөздөмөлөрүнө талаптардын тизмеги
§ 1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
ачыктыгын камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
6. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын иштөө принциптери, пайдаланылуучу маалыматтар жана алгоритмдер, техникалык документтер жөнүндө маалыматтар, эгерде бул коопсуздук талаптарына жана интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарга каршы келбесе, жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш.
7. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрү атайын техникалык билими жок колдонуучуга анын ишинин натыйжасын түшүнүү жана талаптагыдай пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
8. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери мындай тутумдарды пайдалануучуларга төмөнкүдөй маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга тийиш:
1) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын окутуу жана тестирлөө үчүн колдонулган маалымат булактары/кириш маалыматтар жөнүндө;
2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ишинин натыйжасына таасир этүүчү факторлор, процесстер жана/же логика жөнүндө;
3) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын иштөөсүндөгү аларды иштеп чыгууда атайын киргизилген же техниканын азыркы өнүгүү деңгээлинен келип чыккан чектөөлөр жөнүндө.
Көрсөтүлгөн маалымат тутумдарынын ээлеринин расмий веб-сайттарында жалпыга жеткиликтүү бөлүмдө аны жарыялоо, мындай маалыматка тутумдун пайдалануучулар интерфейси аркылуу жана ачыктык принцибинин сакталышын камсыз кылган башка ыкмалар аркылуу дайыма жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жолу менен кабыл алуу үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү таризде берилет. Маалымат актуалдуу, анык болууга жана системаны колдонуу башталганга чейин колдонуучуларга жеткирилүүгө тийиш.
9. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери өзүнүн веб-сайттарына жайгаштырууга жана мындай тутумдардын документтеринде төмөнкүдөй маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү:
1) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын колдонуучусу тарабынан ага жүктөлгөн маалыматтарды иштеп чыгуу шарттары;
2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын максаттуу пайдалануу чөйрөсү, анын алкагында мындай тутумдардын колдонуучусу же башка кызыкдар жактар үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктер жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын өздөрүнүн мүнөздөмөлөрүнө байланыштуу алгылыктуу маанилерден ашпайт;
3) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын колдонуучуларына талаптар;
4) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын максаттуу пайдаланууда келип чыгышы мүмкүн болгон калдык тобокелдиктердин сүрөттөлүшү, ошондой эле жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тарабынан аларды жоюу же азайтуу боюнча сунушталган чаралар.
§ 2. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
түшүндүрүлүшүн камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
10. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары колдонуучуларга алардын сунуштаган чечимдери же аракеттери түшүнүктүү жана түшүндүрүүгө боло тургандай кылып иштелип чыгышы керек. Мындай тутумдардын ээлери тутумдардын чечимдери же сунуштамалары үчүн негиздердин (себептердин) түшүнүктүү болушун жана мындай негиздерди текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
11. Эгерде жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары жеке же юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин же мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон чечимди кабыл алуу же сунуштоо үчүн пайдаланылуучу натыйжаны алуу үчүн дайындалса, тутумдардын мүнөздөмөлөрү жеке адамга мындай тутумдарды пайдалануу менен алынган тиешелүү натыйжаны (чечимди же сунуштаманы) алуунун жана колдонуунун өбөлгөлөрүн, ошондой эле ыкмаларын түшүнүү жана текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
12. Эгерде жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрү атайын билимсиз өбөлгөлөрдү, ошондой эле тиешелүү натыйжаны алуу жана колдонуу ыкмаларын түшүнүүгө жана текшерүүгө жол бербесе, анда мындай атайын билимдин бар экендиги жөнүндө маалымат жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын пайдалануучуга аларды колдоно баштаганга чейин жеткирилиши керек.
13. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрү тутумдар тарабынан кабыл алынган чечимдин өбөлгөлөрү, чечимди же сунуштамаларды алуу ыкмасы жөнүндө маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыз кылышы керек.
14. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрүнүн, чечимдердин же сунуштардын өбөлгөлөрүнүн түшүндүрмөсү, тиешелүү натыйжаны алуу жана колдонуу ыкмалары колдонуучулар үчүн алардын суроо-талабы боюнча ээлеринин веб-сайттарында жеткиликтүү болуп, жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын иштөө логикасын иллюстрациялоо үчүн визуалдык каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө баяндалышы керек.
§ 3. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
контролдонушун камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
15. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары аларды колдонууну адам тарабынан натыйжалуу контролдонушун, ошондой эле өтө маанилүү кырдаалдарда алардын иштешине адамдын кийлигишүүсүн камсыз кылгандай болуп иштелип чыгышы керек.
16. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын контролдонушу төмөнкү эки шартты аткаруу менен жетишилет:
1) тутум мындай тутумдун ишинин натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашырган жеке адамга өзүнүн абалы жөнүндө маалыматты (мисалы, ички параметрлер же байкалган мүнөздөмөлөр) бул жеке адам тутумду контролдой алгыдай кылып берет;
2) тутум мындай тутумдун ишинин натыйжалуулугун контролдогон жеке адамдан тутумдун абалында талап кылынган өзгөрүүлөрдү (түзөтүүлөрдү) пайда кылуучу башкаруучу нускамаларды кабыл алууга жана аткарууга жөндөлгөн.
17. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрүн контролдоонун талаптарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:
1) колдонуу мезгилинде жеке адам үчүн аны натыйжалуу контролдоо мүмкүнчүлүгү;
2) алардын ишинин журналын автоматтык түрдө жүргүзүү;
3) тутумдардын бардык иштөө циклинин ичинде милдеттүү талаптарга алар көз карандысыз текшерилиши мүмкүндүгү.
18. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ишинин натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашырган жеке адамга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу зарыл болгон техникалык/программалык каражаттар жана жөнөкөй жана түшүнүктүү таризде жеткиликтүү маалымат берилиши керек:
1) тутумдар менен натыйжалуу иштөө;
2) тутумдардын мүмкүнчүлүктөрүнүн принциптүү чектерин түшүнүү, алардын ишинин натыйжасын сын көз караш менен кабыл алуу жана анын кемчиликтерин аныктоо;
3) зарыл болгон учурда коюлган милдетти чечүүнүн башка ыкмаларынын пайдасына тутумдарды пайдалануудан баш тартуу;
4) тутумдардын ишин коопсуз токтотуу жана зарыл болгон жана мүмкүн болгон учурда, мындай иштөөнүн кесепеттерин өзгөртүү (баштапкы абалга кайтаруу).
19. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын иштөө журналына жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ишинин терс кесепеттерин контролдоо жана зарыл болгон учурда алдын алуу үчүн талап кылынган алардын иштөө жагдайлары жөнүндө санариптик жазууларды, ошондой эле мындай тутумдардын иштөөсүнүн натыйжалуулугун контролдогон жеке адамдардын аракеттери жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
§ 4. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
тактыгын камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
20. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу ыкмалары мындай тутумдарды колдонуунун натыйжаларынын алардын максаттуу багытына ылайык келген ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
21. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын окутуу жана иштетүү үчүн колдонулган маалыматтар ишенимдүү (жарактуу), так, толук, актуалдуу жана репрезентативдүү болушу керек, алардын актуалдуулугун жана тутумдардын реалдуу шарттарына жана колдонуу максаттарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн дайыма жаңыртылып турушу зарыл.
22. Тутумдардын мүнөздөмөлөрү маалыматтардагы өзгөрүүлөрдү контролдоо, зарыл учурда жасалма интеллект тутумдарын оңдоо, маалыматтарды каталар, шайкеш келбестиктер, бир тараптуулуктар предметине текшерүү үчүн механизмдер камтылууга тийиш.
23. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын тактыгын камсыз кылган мүнөздөмөлөрүн өлчөө шарттары анын максаттуу колдонулушунун мүмкүн болгон шарттарына жакындатылышы керек.
24. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери келип түшкөн маалыматтардын тактыгын жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын туура жана сапаттуу иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон деңгээлде камсыз кылууга милдеттүү.
25. Кирүү маалыматтарынын тактыгын техникалык каражаттар менен текшерүү мүмкүн болбогон учурда (мисалы, кирген маалыматтардын сапаттын белгилүү метрикаларына шайкештигин автоматтык түрдө текшерүү) пайдалануучулар өздөрү тарабынан кириш маалыматтардын тактыгын текшерүү боюнча сунуштамаларды көрсөтүү менен бул тууралуу жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын пайдалануучуларына эскертүү керек (тиешелүү маалыматтарды ээлеринин веб-сайттарына жалпы жеткиликтүүлүктө жарыялоо, мындай маалыматты тутумдардын документтерине киргизүү жолу менен).
26. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын чыгыш маалыматтарынын (чечимдеринин, сунуштамаларынын) тактыгын анын максаттуу багытына жараша жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтеринде каралган ченемдерге ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
27. Чыгыш маалыматтардын тактыгынын мындай метрикаларга ылайык келүү фактысын ырастоо тутумдардын ээлери тарабынан өз алдынча же үчүнчү жактарды тартуу менен жүргүзүлгөн тутумдарды сыноо (тестирлөө) аркылуу ишке ашырылат.
28. Мындай сыноолорду жүргүзүү методикасы, ошондой эле алардын натыйжалары жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тарабынан өз веб-сайттарында жалпыга жеткиликтүү санариптик жазуулар түрүндө жайгаштырылышы керек.
§ 5. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө талаптар
29. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары кокустук бузулууларга жана кемчиликтерге туруктуу болушу керек. Мындай тутумдардын ээлери алардын ишинде мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү алдын алуу жана бузулуулар же пландан тышкары тышкы таасирлер болгон учурда анын негизги функцияларынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылышы зарыл.
30. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ишенимдүүлүгүнүн мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) тутумдарда же аны колдонуу чөйрөлөрүндө, атап айтканда, алардын тутумдардын башка санариптик технологиялык тутумдары же жеке адамдар менен өз ара аракеттенүүсүнөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон каталарга, бузууларга же ылайык келбестиктерге туруктуулук;
2) техникалык артыкчылыкты камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү, анын ичинде резервдөө жана бузулууларга туруктуулугун сактоо чаралары;
3) эгерде тутумдар жарандык жүгүртүүгө же эксплуатацияга киргизилгенден кийин окутууну уланта берсе, колдонуучулар үчүн окутуу үчүн колдонулган санариптик маалыматтарды тандоодо бир тараптуулукту алдын алуу жана жок кылуу мүмкүнчүлүгү.
31. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тутумдарды уруксатсыз кийлигишүүлөрдөн коргоонун ички механизмдерин иштеп чыгууну жана колдонууну камсыз кылууга, ошондой эле веб-сайттарга жана/же тутумдардын техникалык документтерине тиешелүү жалпыга жеткиликтүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен тутумдарды пайдаланууда/колдонууда коопсуздук эрежелери жөнүндө колдонуучуларга маалымдоого тийиш.
32. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ишенимдүүлүк мүнөздөмөлөрү аны долбоорлоодо белгиленет жана тутумдардын документтеринде көрсөтүлөт.
33. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тутумдардын иш жүзүндөгү ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрүнүн алардын документтеринде көрсөтүлгөндөргө шайкештигин үзгүлтүксүз текшерип турушу керек.
Мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методикасы жана алардын мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун, эл аралык практикада жалпы таанылган жасалма интеллект тутумунун ээлеринин кесиптик бирикмесинин эрежелерин жана стандарттарын (алар бар болгондо) эске алуу менен жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тарабынан аныкталат.
§ 6. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын
санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө
талаптар
34. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу жолу менен алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга умтулушу керек:
1) тутумдардын бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн, иштетилүүчү санариптик маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
2) инциденттерге мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу жана алар жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
3) тобокелдиктерди башкаруу тутумунун негизинде тобокелдиктерди башкаруу;
4) мындай тутумдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ресурстарды башкаруу.
35. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тутумдардын мүнөзүнө, көлөмүнө, максатына, алардын иштөө циклине жараша санариптик туруктуулук үчүн талап кылынган финансылык, техникалык, адамдык ресурстарды өз алдынча аныктайт.
Санариптик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн керектүү ресурстар жөнүндө чечимдерди кабыл алууда төмөнкүдөй факторлор көңүлгө алынат:
1) илимдин жана техниканын өнүгүү деңгээли;
2) тутумдарды түзүүгө жана пайдаланууга катышкан адамдардын билиминин жана көндүмдөрүнүн деңгээли;
3) тутумдардын мүнөзү, көлөмү жана максаттары;
4) тиешелүү объектти долбоорлоо этабынан баштап тутумдардын иштөө цикли;
5) тутумдардын ээлеринин жана колдонуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары.
36. Тутумдардын санариптик туруктуулугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуучу мүнөздөмөлөрү тутумдардын алсыз жерлерин пайдалануу аркылуу алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине туруктуулукту камсыз кылуучу чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн болжолдошу керек.
Зарыл учурларда мындай чаралар мындай тутумдарды окутуу үчүн колдонулган санариптик маалыматтардын максаттуу бурмаланышын болтурбоочу техникалык чечимдерди камтууга тийиш.
37. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери өз алдынча же үчүнчү жактарды тартуу менен тутумдардын санариптик туруктуулугун үзгүлтүксүз текшерип турат.
Мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методикасы жана алардын мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун, эл аралык практикада жалпы таанылган жасалма интеллект тутумунун ээлеринин кесиптик бирикмесинин эрежелерин жана стандарттарын (алар бар болгондо) эске алуу менен жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тарабынан аныкталат.
38. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тутумдардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн жаңы методдору жана мындай мыйзамсыз кийлигишүүнү уюштуруу үчүн кыянатчылар колдонгон технологияларды өнүктүрүү жөнүндө пайда болгон маалыматты эске алуу менен жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын санариптик туруктуулугунун мүнөздөмөлөрүн дайыма кайра карап чыгууга милдеттүү.
3-глава. Корутунду жоболор
39. Ушул Талаптардын сакталышы жөнүндө маалымат, мамлекеттик сырларга тиешелүү маалыматтарды кошпогондо, жасалма интеллект тутумунун ээлеринин веб-сайттарында пайдалануучулар -жеке адамдар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү таризде аларды кайталап пайдаланууга чектөөсүз машинада окула турган форматта жеткиликтүү ачык маалыматтар форматында жайгаштырылууга тийиш.