Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы, №6/7
Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн негизинде Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 20.01.2025-жылдагы № 01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык Турак жайга же мүлк салыгынын базалык салык наркын 2025-2026-2027-жылдарга бекитип берүү жөнүндөгү 2025-жылдын 4-февралындагы №4/4 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу бул токтом жокко чыгарылсын.
2.Кара-Кочкор айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыктары киргизилсин.
3. Турак жайга же жайга мүлк салыгы бир чарчы метрге 11 сомдон эсептөө белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Т.Эрмековго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |