Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы, №6/8
Граждандык коргоонууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы №01-38/1116, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 10.10.2024-жылдагы №20-1-14/616 катынын жана Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 16-январындагы №01-14/31 катынын негизинде Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Коопсуздук - 2025” биргелешкен командалык - штабдык жана моблизациялык машыгуусун өткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 250 000 (эки жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |