Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты, №7/1
Кара-Кочкор айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө.
Депутаттардын Кара-Кочкор айылдык Кенешине Кара-Кочкор айыл аймагындагы элдик жыйындардан № 5001-Жийде, № 5002-Тоготой, № 5003-Жаңы-Талап, № 5004-Ак-Терек, № 5470-Ынтымак, № 5005-Таш-Кыя, № 5006-Сары-Булак жана 5007- Ак-Кыя участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдору карап көрүп, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагындагы элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айылдык Кенешинин чечимин бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |