Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10-00гө Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы клубка чакыртылып өткөрүлсүн
2.Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына жараша төмөнкүдөй санда тураары белгиленсин.
Кызыл-Эшме айылынан 10 делегат
Кызыл-Туу айылынан 4 делегат
Дароот-Коргон , Кара-Шыбак айылдарынан 40 делегат
Чак айылынан 15 делегат
Жаш-Тилек айылынан 11 делегат
Жар-Башы айылынан 16 делегат
Кулчу, Сары-Булак айылдарынан 4 делегат жалпы 100 делегат.
3.Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 кишиден бекитилсин тиркеме тиркелет. (№ 1-тиркеме)
4.Айыл өкмөтүндө өтүүчү өкүлчүлүктүү жыйынына айылдар боюнча коомдоштуктардын делегаттарды шайлоо жыйындары 2024-жылдын 4-5 декабрь күндөрү графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин. (№ 2 тиркеме)
5.Чоң-Алай айыл өкмөтүнун аппараты өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жана уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү жабдыктар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6.Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана жыйынды өткөрүү боюнча бекитилген жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
Төрага |
С.Мойдунов |