Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты, №7/2
Кара-Кочкор айыл аймагындагы Кара-Кочкор айылындагы ачыла турган бала бакчага “Гүлүмкан ажы апа” аталышын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ” Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдын №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацына негиз, Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы ачыла турган бала бакчага “Гүлүмкан ажы апа” аталышын берүү жөнүндөгү Кара-Кочкор айылынын 19.03.2025-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколунун негизинде К.Асановдун 19.03.2025-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айыл аймагындагы Кара-Кочкор айылындагы ачыла турган бала бакчага “Гүлүмкан ажы апа” аталышын берүү жөнүндөгү Кара-Кочкор айылынын 19.03.2025-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколу бекитилсин.
2.Кара-Кочкор айыл аймагындагы Кара-Кочкор айылындагы ачыла турган бала бакча “Гүлүмкан ажы апа” бала бакчасы болуп аталсын.
3.Бала бакчанын жарыктандыруусун жана оңдоп түзөө иштерин Г.Зикиряеванын балдарына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылынын айыл башчысы Т.Сопубековко жүктөлсүн.
Төрага | Э.Мухамедысак уулу |