Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому менен бекитилди) |
Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары
үчүн санарип дайындарынын сапатына
талаптар
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Санарип дайындарынын сапатына талаптардын тизмеги
3-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындарынын сапатына талаптар (мындан ары - Талаптар) мындай тутумдардын талаптагыдай иштешин камсыз кылуу үчүн талап кылынган жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындарынын сапатынын минималдуу зарыл болгон деңгээлин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Талаптарда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде көрсөтүлгөн мааниде колдонулат.
3. Ушул Талаптар жайылтылган дайындарга окутуучу, тесттик, валидациялык, эксплуатациялык, ошондой эле жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун иштешинин натыйжалары жөнүндө дайындар кирет.
4. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери ушул Талаптарга ылайык келген санарип дайындарынын сапатын тутумдардын бүткүл иштөө циклинин этаптарында камсыз кылууга жана колдоого, мыйзамдарды бузбастан ишенимдүү булактардан алынган дайындардын сапаттуу жана репрезентативдүү топтомдорун пайдаланууга, аларды чыгып кетүүдөн, санкцияланбаган жетүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан, бөгөттөөдөн же өзгөртүүдөн коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, шифрлөө, ээсиздендирүү инструменттерин жана башка инструменттерди/технологияларды пайдаланууга милдеттүү.
5. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарында дайындардын сапатынын ушул Талаптарга ылайык келишин камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин кесиптик бирикмесинин эрежелерин жана стандарттарын (болсо), жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен мындай тутумдардын ээлери тарабынан өз алдынча аныкталат.
2-глава. Санарип дайындарынын сапатына талаптардын
тизмеги
6. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындары ээлери тарабынан бекитилген дайындарды башкаруу методикасына ылайык түзүлүүгө жана пайдаланылууга тийиш, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) тутумдарда пайдаланылуучу долбоордук чечимдерди тандоонун негиздемесин;
2) санарип дайындарын чогултуу жол-жоболорун;
3) дайындарды тутумдарда пайдаланууга даярдоо механизмдерин;
4) санарип дайындары өлчөөгө жана берүүгө тийиш болгон маалыматка карата тиешелүү божомолдорду иштеп чыгууну;
5) зарыл болгон санарип дайындарынын жеткиликтүүлүгүн, жетиштүүлүгүн жана жарактуулугун алдын ала баалоону;
6) дайындарды тандоонун мурунтан жасалгандыгын текшерүү жол-жоболорун (тандоонун жылып кетүүсүн жана тандоонун жаңылыштыгын);
7) кемчиликтерди дайындардын саны жана сапаты боюнча аныктоо механизмдерин, ошондой эле бул кемчиликтерди четтетүү ыкмаларын.
7. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери санарип дайындарынын сапатынын моделин, алардын сапатынын көрсөткүчтөрүн, баалоо методикасын жана санарип дайындарынын сапатын жогорулатуу тартибин өз алдынча аныктайт.
8. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары үчүн санарип дайындары релеванттуу, репрезентативдүү, каталарга жол берилбеген жана толук болушу керек.
9. Дайындар тутумдардын максаттуу багытын жана аны пайдалануунун болжолдуу шарттарын, анын ичинде мындай тутумдарды колдонуу болжолдонгон адамдардын же адамдардын топторунун мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле аны колдонуу чөйрөсүнүн географиялык, жүрүм-турумдук жана функциялык өзгөчөлүктөрүн зарыл болгон өлчөмдө эске алууга тийиш.
10. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын окутуу жана иштөө үчүн колдонулган маалыматтар алардын актуалдуулугун жана реалдуу шарттарга ылайык келишин камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз жаңыланып турууга тийиш.
11. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери дайындардагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды оңдоо, дайындарды каталарга, шайкеш келбестиктерге, мурунтан жасалгандыгына карата текшерүү үчүн механизмдерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тийиш.
12. Дайындарды чогултуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу процесси бардык кызыкдар тараптар үчүн ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу керек. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери дайындардын булактары, аларды чогултуу жана иштеп чыгуу методдору, ошондой эле бул дайындар тутумдарда кандайча колдонулуп, кантип корголуп жатканы жөнүндө маалыматтын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү.
13. Санарип дайындарынын келип чыгышы (булактары) мыйзамдуулуктун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери колдонулуучу санарип дайындарынын келип чыгуу булактарын алардын сапатын жана алуунун мыйзамдуулугун ырастоо үчүн документтештирүүгө милдеттүү.
14. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери санарип дайындарынын топтомдорун, ошондой эле топтомдорго түзүлбөгөн санарип дайындарын да колдонууга укуктуу.
Топтомдордогу санарип дайындары тыкандыктын, толуктуктун, макулдашуучулук, аныктык жана актуалдуулуктун талаптарына жооп бериши керек.
15. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери жеке дайындардын атайын категорияларын иштеп чыгууга укуктуу, анткени бул жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо же иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу санарип дайындарын тандоонун мурунтан жасалгандыгын алдын алуу же жоюу үчүн зарыл.
Жеке дайындардын атайын категорияларына карата аларды ээсиздендирүү, кайра колдонууну чектөө, коргоо жана аларга жеткиликтүүлүктү чектөө боюнча чаралар көрүлүшү керек.
16. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери санарип дайындарынын сапатынын моделин, анын ичинде санарип дайындарынын сапатын түзүүчү мүнөздөмөлөрүн, санарип дайындарынын сапатынын тандалган көрсөткүчтөрүн жана алардын максаттуу босоголук маанилерин, санарип дайындарынын сапатынын тандалган көрсөткүчтөрүн өлчөө натыйжаларын жана тутумда колдонулган санарип дайындарынын ушул Талаптарга ылайык келишин баалоону документтештирүүгө милдеттүү.
3-глава. Корутунду жоболор
17. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери тарабынан ушул Талаптардын сакталышы жөнүндө маалымат жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин веб-сайттарына жөнөкөй жана колдонуучулар-жеке жактар үчүн түшүнүктүү формада, ошондой эле мамлекеттик сырларга же интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарга тиешелүү маалыматты кошпогондо, аларды кайра колдонууну чектөөсүз, машина окуй турган форматта жеткиликтүү ачык дайындар форматында жайгаштырылууга тийиш.