Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №7
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 1-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитиле турган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 839 900 сом бөлүнүп берилсин.
Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |