Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 69 065 400 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
-аппаратка 17 736 700 сом
-апараттын атайын каражатына 75 000 сом
-айылдык кеңешке 1 035 400 сом
-мектептерге 6 695 000 сом
-бала бакчаларга 10 452 400 сом
-бала бакчалардын атайын каражатына 3 735 000 сом
-китепканаларга 1 971 000 сом
-музейге 789 600 сом
-маданий иш чараларга 1 275 000 сом
-клубтарга 2 094 800 сом
-өзгөчө кырдаалдарга 590 000 сом
-ЖКХ 19 880 000 сом
-социалдык жардамдарга 400 000 сом
-жайытка 2 335 500 сом бөлүнүп жумшалсын.
2.Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3.Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 15 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 4 штат, келишимдин негизинде 6 штат каралсын.
-Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.
- Клубтарга 7 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 3 штат.
-Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
-музейге 2 штат анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 1 штат
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2025-жылдын 20-январынан тартып күчүнө кирет..
Төрага |
С.Мойдунов |