Редакцияот 10.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Рыспай Абдыкадыров  айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз  VII сессиясы

 

2025-жылдын 10-апрели, №7/2

Рыспай Абдыкадыров  айыл өкмөтүнө  караштуу  Кызыл-Булак айылындагы  калктуу конушунун   ички көпүрөгө    ушул  эле айылда  туулуп   өскөн    эл  кызматына  эмгеги синген   эл  кадырлаган таасирдүү   инсан  болгон  маркум   Кийикбаев Мамажандин ысымын   берүү  жөнүндөгү  Кызыл-Булак  айылынын      жалпы жашоочуларынын    элдик  жыйынынын   сунушун  кароо  жөнүндө.

Рыспай Абдыкадыров  айыл өкмөтүнө  караштуу  Кызыл-Булак айылынын   калктуу конушунун   ички көпүрөгө    ушул  эле айылда  туулуп   өскөн    эл  кызматына  эмгеги синген   эл  кадырлаган таасирдүү   инсан  болгон  маркум Кийикбаев Мамажандин ысымын   берүү жөнүндөгү   Кызыл-Булак айылынын   жалпы  жашоочуларынын    элдик жыйынынын    сунушун  угуп жана  талкуулап Депутаттардын  Рыспай Абдыкадыров  айылдык  Кеңешинин  кезексиз  чакырылган  ( 8 -шайланган)   №  7-сессиясынын   жыйналышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Кийикбаев Мамажандин ысымын берүү жөнүндөгү Кызыл-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.

2. 04.12.2024-жылда өтүлгөн Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Кызыл-Булак ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Кийикбаев Мамажандин ысымы берилсин.

3. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Кызыл-Булак ички көпүрөсү 2024-жылдын 04-январынан баштап Кийикбаев Мамажан атындагы көпүрө деп аталсын.

4. Суралсын Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын ички көпүрөгө Кийикбаев Мамажан атындагы көпүрө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

Абдыманап уулу А