Редакцияот 10.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Рыспай Абдыкадыров  айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз  VII сессиясы

 

2025-жылдын 10-апрели, №7/3

Рыспай Абдыкадыров  айыл өкмөтүнө  караштуу  Конокбай-Талаа айылындагы  калктуу конушунун   ички көпүрөгө    ушул  эле айылда  туулуп   өскөн    эл  кызматына  эмгеги синген   эл  кадырлаган таасирдүү   инсан  болгон  маркум   Атаканов Жусубали ысымын   берүү  жөнүндөгү  Кызыл-Булак  айылынын      жалпы жашоочуларынын    элдик  жыйынынын   сунушун  кароо  жөнүндө.

Рыспай Абдыкадыров  айыл өкмөтүнө  караштуу  Конокбай-Талаа айылынын    калктуу конушунун   ички көпүрөгө    ушул  эле айылда  туулуп   өскөн    эл  кызматына  эмгеги синген   эл  кадырлаган таасирдүү   инсан  болгон  маркум Атаканов Жусубалининысымын   берүү жөнүндөгү   Конокбай-Талаа  айылынын  жалпы  жашоочуларынын    элдик жыйынынын    сунушун  угуп жана  талкуулап   Депутаттардын  Рыспай Абдыкадыров  айылдык  Кеңешинин  кезексиз  чакырылган  ( 8 -шайланган)   №  7-сессиясынын   жыйналышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнө караштуу Конокбай-Талаа айылынын калктуу конушунун ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Атаканов Жусубалинин ысымын берүү жөнүндөгү Конокбай-Талаа айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.

2. 07.04.2025-жылда өтүлгөн Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Конокбай-Талаа айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Конокбай-Талаа ички көпүрөгө ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Атаканов Жусубалинин ысымы берилсин.

3. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Конокбай-Талаа айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Конокбай-Талаа ички көпүрөсү 2025-жылдын 07-апрелинен баштап Атаканов Жусубали атындагы көпүрө деп аталсын.

4. Суралсын Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн Конокбай-Талаа айылынын ички көпүрөгө Атаканов Жусубалинин атындагы көпүрө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

Абдыманап уулу А