Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №2
Чоң-Алай айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330 буйругу менен “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобосуна ылайык бекитилген айылдык кеңештин типтүү регламенти боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Чоң-Алай айылдык кеңешинин регламенти №1-тиркемеге ылайык алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2.Бекитилген айылдык кеңештин регламенти жергиликтүү кеңештин депутаттарына толук тааныштырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын
Төрага |
С.Мойдунов |