Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №3
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тиешелүү документтерин карап, Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесине ылайык Чоң-Алай амактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Чон-Алй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |