Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 770 токтому менен бекитилди) |
Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект
тутумдарынын техникалык документтерине
талаптар
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтерине талаптардын тизмеги
3-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтерине талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мындай тутумдардын пайдалануучуларынын жана башка кызыкдар жактардын аларды максаттуу пайдалануу үчүн талап кылынган бардык зарыл маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, мындай тутумдарды колдонууда тобокелдиктерди азайтуу же жоюу, жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин ишинин контролдонуучулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Талаптарда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде көрсөтүлгөн маанилерде колдонулат.
3. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери өз тутумдарына талаптагыдай техникалык документтерди иштеп чыгууга, алардын контролу алдында турган мезгилде мындай тутумдардын иш журналдарынын сакталышын жана техникалык документтердин жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
4. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун техникалык документтери алар жарандык жүгүртүүгө же эксплуатациялоого киргизилгенге чейин иштелип чыгууга жана кийин актуалдуу абалда сакталууга тийиш.
5. Техникалык документтер кайсы болбосун кызыкдар жак аны менен таанышууда тутумдардын максаттуу багытын, аларды эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн жана эрежелерин, тутумдардын милдеттүү талаптарга шайкештигин баалай ала тургандай иштелип чыгууга тийиш.
6. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын эксплуатациялоо боюнча колдонмо толук, анык, жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө баяндалууга жана пайдалануучулар үчүн маанилүү болгон бардык маалыматтарды камтууга тийиш.
2-глава. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект
тутумдарынын техникалык документтерине
талаптардын тизмеги
7. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын техникалык документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын жалпы сыпаттамасын, анын ичинде:
- алардын максаттуу багытын, иштеп чыгуучунун аталышын жана мурунку версиялары менен алардын байланышын чагылдырган тутумдардын версияларын;
- бул тутумдардын жабдуулар же программалык камсыздоо менен кандай өз ара аракеттенүүсүнүн же өз ара аракеттенүү үчүн колдонулуусунун сыпаттамасын, анын ичинде тутумдардын өздөрүнүн бир бөлүгү болуп саналбаган башка жасалма интеллект тутумдары (колдонулгандыгына жараша);
- тутумдарды колдонуу үчүн зарыл болгон жабдууларга жана программалык камсыздоого талаптарды;
- эгерде тутумдар башка программалык камсыздоонун же товардын компоненти болуп саналса, мындай программалык камсыздоонун же товардын сүрөттөрүн же иллюстрацияларын, тышкы мүнөздөмөлөрүн, маркалоосун жана ички компоновкасын;
- жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын пайдалануучулук интерфейсинин негизги сыпаттамасын жана пайдалануучулары үчүн нускаманы;
2) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын элементтеринин жана аларды иштеп чыгуу процессинин толук сыпаттамасын, анын ичинде:
- жасалма интеллект тутумдарынын жана үчүнчү жактар тарабынан иштелип чыккан жана бул тутумдарга интеграцияланган башка программалык камсыздоонун сыпаттамасын, ошондой эле интеграциялоодо аларды модификациялоо деталдарынын сыпаттамасын, эгерде колдонулса;
- тутумдарды долбоорлоо деталдарын, тутумдардын жалпы логикасын жана алардын алгоритмдерин;
- долбоорлоо баскычында ээлери тарабынан кабыл алынган негизги чечимдерди, алардын негиздемесин жана колдонулган гипотезаларды, анын ичинде колдонуу үчүн тутумдар арналган адамдарга же адамдардын топторуна карата;
- тутумдардын ишинин күтүлгөн натыйжаларынын жана алардын сапатынын сыпаттамасын;
- программалык компоненттердин кантип курулганын же бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүн жана жалпы иштетүүгө интеграцияланышын түшүндүргөн тутумдардын архитектурасынын сыпаттамасын;
- тутумдарды иштеп чыгуу, үйрөтүү, тестирлөө жана текшерүү үчүн колдонулган эсептөө ресурстарын;
- окутуу методикаларын жана методдорун, ошондой эле окутуу үчүн колдонулган маалымат топтомдорун, анын ичинде бул маалымат топтомдорунун жалпы сыпаттамасын, алардын келип чыгышы, колдонуу тармагы жана негизги мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты;
- тутумдардын адам тарабынан контролдонуучулугун камсыз кылуу боюнча чараларды баалоону, анын ичинде пайдалануучуларга алардын ишинин натыйжаларын түшүнүүнү жеңилдетүү үчүн зарыл болгон, кабыл алынган техникалык чараларды баалоону;
- ээлери тарабынан колдонулган тестирлөө жол-жоболорун, анын ичинде бул үчүн колдонулган санариптик маалыматтар жана алардын негизги мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты;
- тактыкты, ишенимдүүлүктү өлчөө үчүн колдонулган метрикаларды;
- тутумдарды колдонууда потенциалдуу мүмкүн болгон дискриминация учурларын;
- тестирлөө журналдарын жана жооптуу адамдар тарабынан датасы коюлган жана кол коюлган тестирлөө жөнүндө бардык отчетторду;
- санариптик туруктуулукту колдоо боюнча көрүлгөн чараларды;
3) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына мониторинг жүргүзүү, иштетүү жана контролдоо жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде:
- алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн жана өндүрүмдүүлүктөгү чектөөлөрүнүн сыпаттамасын, тутумдар арналган конкреттүү адамдар же адамдардын топтору үчүн тактык даражасын;
- алардын максаттуу багытына карата күтүлгөн жалпы тактык деңгээлин;
- акылга сыярлык күтүлгөн максатсыз пайдаланууну жана тутумдардын максаттуу багытын эске алуу менен корголуучу байлыктар үчүн тобокелдик булактарын;
- адам тарабынан колдонулган контролдоо чараларын, анын ичинде пайдалануучулардын тутумдарды колдонуунун натыйжаларын түшүнүүсүн жеңилдетүү үчүн кабыл алынган техникалык чараларды;
- кирүү санариптик маалыматтарына карата талаптарды;
4) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын сапат көрсөткүчтөрүнүн белгиленген талаптарга шайкештигинин сыпаттамасын;
5) тобокелдиктерди башкаруу тутумдарынын сыпаттамасын;
6) ээлери тарабынан тутумдардын иштөө мезгили ичинде аларга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдүн сыпаттамасын;
7) колдонулган стандарттардын, этика кодекстеринин жана жалпы таанылган эл аралык практиканын башка булактарынын тизмесин;
8) тутумдардын иш журналдарын.
8. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын иш журналдарын ээлери тарабынан тутумдардын бүткүл иштөө цикли бою санариптик жазуулар түрүндө жүргүзүлүүгө тийиш жана эң аз дегенде төмөнкүдөй маалыматтарды чагылдырууга тийиш:
1) тутумдардын корголуучу байлыктарга зыян келтирген учурларынын сыпаттамасын;
2) тутумдарды максатсыз пайдалануу же аларды пайдалануунун белгиленген эрежелерин башка бузуу учурларынын сыпаттамасын;
3) тутумдарды пайдалануу мезгилдеринин жазууларын (сессиялардын башталган датасы жана убактысы, алардын узактыгы, аяктаган датасы жана убактысы), ошондой эле мындай сессияларды ачкан пайдалануучулар жөнүндө каттоо маалыматтарын;
4) тутумдардын ээлери тарапта алардын иштешин контролдогон жеке жактар жөнүндө маалыматтарды.
3-глава. Корутунду жоболор
9. Техникалык документтер жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин веб-сайттарында пайдалануучулар - жеке жактар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө, ошондой эле мамлекеттик сырларга тиешелүү маалыматтарды кошпогондо, аларды кайра колдонууга чектөөлөрсүз машина окуй турган форматта жеткиликтүү болгон ачык маалыматтар форматында жайгаштырылууга тийиш.
10. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын ээлери техникалык документтердин сакталышын, анын ичинде жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары жарандык жүгүртүүгө чыгарылгандан же алар эксплуатациялоого киргизилгенден кийин күчүнө кирген техникалык документтердин бардык версияларынын мазмуну жана кабыл алынган датасы жөнүндө маалыматтарды ээлери тарабынан мындай документтер бекитилген датадан тартып 3 (үч) жылдын ичинде сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.