Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №4
Фитнес клубунун тарифин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун айыл өкмөттүн балансында турган фитнес клубунда машыккан жарандар үчүн тарифин бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүндө курулган фитнес клубуна машыгуу өткөргөн 1 (бир) аялга 1 (бир) ай үчүн ички чыгымдарды эске алуу менен 500 (беш жүз) сомдон 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейинки суммада бекитилсин.
2.Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кулов фитнести иштетүүдө эки тараптуу келишимдин негизинде иш жүргүзсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |