Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Мамлекеттик Лизинг компаниясы аркылуу оор жүк ташуучу техника жана эксковатор сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн автопаркын жаңылоо максатында Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Лизинг аркылуу оор жүк ташуучу техника жана эксковатор сатып алуу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Финанылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 152 000 АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Ремпубликасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти), жылдык 11% менен алты жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техникаларды алууга макулдук берилсин:
-XCMG XE265C маркасындагы гусеницалуу эксковатор баасы 107 000 АКШ доллары
-XCMG XGA3251D2WC маркасындагы самосвал 45 000 АКШ доллары.
2.Лизингдин жалпы баасынан 10% өлчөмүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн өздүк салымга жалпы 1 337 600 сом, 6 жылга камсыздандыруу үчүн 194 396 сом, бажы төлөмдөрү үчүн 1 630 000 сом жана каттоосу үчүн 10 000 сом жалпы 3 171 996 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
С.Мойдунов |