Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №6
Дароот-Коргон, Чак, Кызыл-Туу айыл тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дарот-Коргон, Чак, Кызыл-Туу айылдарынын жашоочуларынын 85 участкасынын жолун оңдоо жана Кызыл-Туу каналын казып берүү боюнча кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык айыл өкмөттүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражаты бөлүнүп берилсин:
-85 участкасынын жолуна шагыл төшөөгө 1 200 000 сом
-Кызыл-Туу каналын казуга 800 000 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |