Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №7
Чоң-Алай айыл өкөтүнүн башчысы А.А.Куловдун 2024-жылдын 27-декабрындагы №01-34/1999 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкөтүнүн башчысы А.А.Куловдун 2024-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 31.05.2022-жылдын № 291 токтому менен бекитилен “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобосунун 18-26-пунктарына ылайык, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 30.05.2024-жылдагы № 01-12/49 токтому менен суулуу айдоо жер аянтында болгон турак жайлардын аянттары калктуу конушун жерлери категориясына (трансформация) болгон. Чоң-Алай айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн 2004-2005-жылдардагы системалык каттоодон өтүп калган жарандардын жер участоктору ээлеп турган аянтта калтырылган. Жер аянттарын документтештирүү үчүн жер аянттарынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Системалык каттоо жүргүзүлгөн учурда жарандардын жер аянттарын ээлеп турган өлчөмдө калтырууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасф, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |