Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №8
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1047, 1049 контурларында жайгашкан таштуу жайыт эсебинде турган 1,57 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1047, 1049 контурларында жайгашкан таштуу жайыт эсебинде турган 1,57 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А,Куловко жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |