Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-январы №9
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн билдирүүсун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн билдирүүсун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн билдирүүсүндө белгиленгендей Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак-жай жана коммуналдык чарба” муниципалык ишканасына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчилдиктер эске алынып, мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөө жагы айыл өкмөт башчысы А.А.Куловго жана айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерине эскертилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн жалпы аппарат кызматкерлерине жана айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине тааныштырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |