Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну М.Коңурбаевди, И.Бакировду жана Жар-Башы айылынын тургуну Э.Жумаматовду Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну М.Коңурбаевди, И. Эсенбаевди жана Жар-Башы айылынын тургуну Э.Жумаматовду Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургундары Коңурбаев Мамажусуптун, Бакиров Имарбайдын жана Жар-Башы айылынын тургуну Жумаматов Хамзанын коомдук иштерге активдүү катышкандыгын жана Чон-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын эске алуу менен Чоң-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунушталын.
2.Жогоруда аты аталган жарандарга Чоң-Алай районунун Адактуу атуулу наамын берүү Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдон суралсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |