Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №5
Чон-Алай айыл өкмөтүнө Кара-Таш участкасындагы № 2885 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таза жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Таш участкасындагы № 2885 контурундагы “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынын жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын ушул эле категориянын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап токтом кылат:
1.Чон-Алай айыл өкмөтүнө кара-таш участкасындагы № 2885 контурунды “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таза жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |