Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №6
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын чополуу жайыт, таштуу жайыт, жайыт, канал жана коллектор болуп белгиленген 2,44 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын аркасынын түндүк тарабындагы № 1308-1310-1329 контурларда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын чополуу жайыт, таштуу жайыт, жайыт, канал жана коллектор болуп белгиленген 2,44 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын аркасынын түндүк тарабындагы № 1308-1310-1329 контурларда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын чополуу жайыт, таштуу жайыт, жайыт,канал жана коллеторлор болуп белгиленген 2,44 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформацялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |