Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №7
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Коргон участкасынын № 1447 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 2,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Коргон участкасынын № 1447 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 2,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Коргон участкасынын № 1447 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 2,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |