Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №9
Дароот-Коргон айылынын тургуну Кудрет уулу Алидиндин кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Кудретилла уулу Алидиндин Ыссык участкасынан жергиликтүү тургундар пайдаланбаган бөксө тоонун боорунан жер сураган кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Дароот-Коргон айылынын тургуну Кудрет уулу Алидинге Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын түштүк чыгышындагы Ыссык участкасындагы бөксө тоонун бооруна кышкы лыжа базасын уюштурууга тактап айтканда транспортёрдук көтөргүч мамычаларын, кичи ашкана жана шаймандарды коюучу жайларды жеңил конструкция түрүндө курууга убактылуу мөөнөткө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |