Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №10
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда түзүлгөн айыл чарба кооперативдерине жер аянттарын берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда түзүлгөн айыл чарба кооперативдерине жер аянттарын берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы түзүлгөн айыл чарба кооперативдерине жалпы 35,0 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |