Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №12
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын тургуну Гүдүбаев Нүрмаматты Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Ж.Эрмекбаеванын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын тургуну Гүдүбаев Нурмаматты Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын тургуну Гүдүбаев Нурмамат коомдук иштерге активдүү катышкандыгын жана Чон-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен Чоң-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунушталын.
2.Жогоруда аты аталган жаранга Чоң-Алай районунун Адактуу атуулу наамын берүү жагы Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдон суралсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |