Редакцияот 19.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Рыспай Абдыкадыров айылдык кенешинин 10- сессиясыны (VIII шайланган) жыйналышынын

ТОКТОМ

 

19.08. 2025-жыл  № 10/1

Тогуз-Булак айылы                       

                                     . 

Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-июлундагы №9/4 токтому мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына каршы келгендиктен аталган токтомду жокко чыгаруу жөнүндө.

 

Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңешинин 2025-жылдагы Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебинин аталышы жер-суу аталышында болуп калган себептен Тогуз-Булак орто мектебинин аталышын Адамдын ысымын ыйгаруу боюнча 23-июлундагы №1 протоколдук сунушуна Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңеши туруктуу комиссиянын кароосуна кирбестен Кармышаков Тойчу атындагы орто мектеби деп таанылсын деп 2025-жылдын 25-июлунда №9/4 токтому чыгарылган, Адамдын ысымы ыйгарылгандыгы мыйзам тарабынан корголгон Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 13-августундагы №11/2-324-25 каршылык билдирүүсүнүн негизинде жана айылдык кеңешинин Социялдык, маданий, Билим берүү, Спорт, Миграция, Туризим, Саламаттык сактоо, Комуналдык менчик, Маалымдуулук, Жаштардын иштери, Социялдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдын 18-августундагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 13-августундагы №11/2-324-25 сандуу каршылк билдирүүсүнүн негизинде Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-июлундагы №9/4 токтому мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына каршы келгендиктен аталган токтом жокко чыгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Рыспай Абдыкадыров айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Жумаев