Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен 2025-жылга калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен 2025-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 4-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен калган 15 469 539 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилип төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
— аппаратка 1 718 929 сом
— ЖКХ 6 962 000 сом
— мектептерге 3 666 900 сом
— бала бакчаларга 575 200 сом
— китепканаларга 411 800 сом
— клубтарга 2 134 710 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |