Редакцияот 11.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 10-отуруму

 

2025-жылдын 11-апрели, № 9

 

Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасына таза суу, ирригация, тазалык жана жайыттарды кошуп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын граждандык кодексинин 92-93-беренесине, Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 735-токтомуна жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө  ылайык Памир-Алай айылдык Кеңеши           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасына таза суу, ирригация, тазалык жана жайыттар өткөрүлүп берилсин.

2. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасы, бекитилген уставына ылайык иш алып барсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына жана Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Н.Айтмаматов