Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №2
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын 2-августундагы 39-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын 2-августундагы 39-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн системалык каттоо учурунда ар бир жаранга ээлеп турган жер аянтына жеке менчик деп токтом чыгарылгандыгына байланыштуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын 2-августундагы 39-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтому жокко чыгарылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |