Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 8-отуруму
2025-жылдын 7-марты, №7
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Тулпар-Көл эс алуу жайындагы муниципалдык боз үй шаарчасына электр энергиясын жана таза суу тартып келүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылында жайгашкан Тулпар-Көл эс алуу жайындагы муниципалдык боз үй шаарчасына электр энергиясын жана таза суу тартып келүү боюнча 2025-жылдын 5-апрелиндеги №3 элдик жыйындын протоколун карап чыгып, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылында жайгашкан Тулпар-Көл эс алуу жайындагы муниципалдык боз үй шаарчасына электр энергиясын тартып келүү үчүн Ош областтык өнүктүрүү фондунан 7 219 319 (жети миллион эки жүз он тогуз миң үч жүз он тогуз ) сом суралсын жана калган 720 000 (жети жүз жыйырма миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылында жайгашкан Тулпар-Көл эс алуу жайындагы муниципалдык боз үй шаарчасына таза суу тартып келүү үчүн Ош областтык өнүктүрүү фондунан 4 377 600 (төрт миллион үч жүз жетимиш жети миң алты жүз) сом суралсын жана калган 430 000 (төрт жүз отуз миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Каралган акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана СЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |