Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 6-отуруму
2025-жылдын 21-февралы, № 6
Памир-Алай айыл аймагында жер, мүлк салыгынын ченин жана зоналдык коефицентин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым сыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык кодексине “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн аймагына 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2.Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде турак жай үчүн 8,5 чени (ставка) менен жүргүзүлсүн.
3.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ – зоналдык коэфиценти 1,0 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн КЗ – зоналдык коэфиценти 1,0 болуп бекитилсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Мамасейитовго, көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |