Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 6-отуруму
2025-жылдын 30-январы, № 5
"Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү" жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар жана имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Памир-Алай айыл өкмөтү, шаар куруу жана архитектура департаментинин Алай районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |