Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-январы, № 4/4
“Жаңы Сары-Таш” МИни колдоо жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын бюджетин көбөйтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын бюджетин көбөйтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында айыл өкмөттүн бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Жаңы Сары-Таш” МИнин жетекчисине жана айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |